География жумалыгы
Кемин районуна караштуу Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин жалпы билим берүү орто мектебинде география жумалыгы абдан кызыктуу башталды. Мугалимдер: Усубалиева Б., Токоева С. окуучулардын жардамы менен жумалыктын залын даярдашты. Ар түрдүү география илимине арналган учкул сөздөр, көрсөтмөлөр, ар улуттун желектери, кен байлыктары ж.б. коюлду. Жумалыктын максаты: окуучунун билим сапатын жогорулатуу, география илимине кызыктыруу. 7аб-класстардын ортосунда Усубалиева Бактыгул Узакбаевнанын жетектөөсүндө класстан тышкаркы иш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сабакта окуучулар алыскы Австралия өлкөсүнө саякатка барышты.
Комментарии