«Мектеп жана үй-бүлө» конкурсу
Кемин районуна караштуу Б.М.юнусалиев атындагы Кичи-кемин жалпы билим берүү орто мектебинде 2021-жылдын 9-декабрында «Окуу керемет» долбоорунун алкагында «Энелер мектеби» жобонун негизинде, башталгыч класстарда ата-энелер менен биргеликте «Мектеп жана үй-бүлө» аттуу конкурс болуп өттүү. Конкурстун максаты мектептин ата-эне менен биргеликте окуучунун сапаттарын калыптанышына, өнүгүүсүнө жардам берүү. Конкурска апалар кызы, уулу менен бирге окуган китептерин презентация кылышты. Ата-эне балага туура тарбия бериш керектигин көрүнүштөр менен аткарып көрсөтүп беришти. Окуучунун билим сапатын көтөрүү мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы гармония экендиги дагы бир тастыкталды.
Комментарии