«Окуу керемет» долбоору
2022-жылдын 21-февралында Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин жалпы билим берүү орто мектебинде «Окуу керемет» долбоорунун алкагында математиканы окутууда окуучулардын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ачык сабактар өтүлдү. Бул ачык сабактарга тренер Аида Турсуналиевна Тургамбаева байкоочу болуп келди. Ачык сабакты 3б-класстын мугалими Абдрасулова Индира «Негиздөө жана түшүнүү» стратегиясын колдонуу менен өттү. 1а-класстын мугалими Кадырова Махабат «Негиздөө жана түшүнүү» стратегиясын, «Сан шооласы» стратегиясын колдонуп, Казакова Шоола эжей «Сан шооласы» стратегиясын, «Блумдун таксаномиясын» колдонуп ачык сабактарды өтүп беришти. Казакова Шоола өзгөчө окуучулардын билим алуусуна изденүүчүлүк менен мамиле кылып аудио-видео уктурууларды колдонуп сабак өттү. Окуучулар өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп сабакка катышышты.
Комментарии