We know English
Кемин районуна караштуу Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-кемин жалпы билим берүү орто мектебинде 2022-жылдын 14-февралынан 18-февралына чейин «WE KNOW ENGLISH» темасында англис тил жумалыгы болуп өттү. Жумалыктын максаты окуучуларды чет тилин уйрөнүүгө шыктандырып, англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу болду. Жумалыкта англис тил мугалимдери ачык сабактарды өтүшүп, класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурушту. Окуучулар жумалыкта абдан активдүү болушуп, англис тилинде доклад окушту. Ошондой эле жомок коюшуп, бий бийлешип, ырдашты. 7аб-класстар арасында квест уюштурулду. Квестте окуучулар катылган тамгаларды издеп таап сөз курашты. Англис тил жумалыгы жогорку деңгээлде болуп өттү.
Комментарии