Биз жөнүндө

Биздин мектеп

Биз жөнүндө Биз жөнүндө

Биздин мектеп фото

Мектеп администациясы

Биз жөнүндө

Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинен билим алган академиктер:

Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Биринчи мектеп 1920-жылы ноябрь айларында уюштурулган. Үч-Уруктун  ичиндеги жогорку айылдагы (азыктагы) баштооч “Көк Үшкөлү” (кийин “Эпкиндүү” колхозу болгондо “Эпкин” башталгыч мектеби болуп калган)  1921-1922-окуу жылында эки бөлмөлүү, мугалимдер бөлмөсү  бар, коридору кенен, класстары жарык , терезелери айнектелген, жыгачтан ашталып салынган, үстү чатырланып көк тунуке менен жабылган. Мына ошону үчүн “Көк Үшкөл” деп аталган.

Айылдын төмөн жагында таздар жана жетиген айылдары биргелешип мектеп куруу үчүн пландаштырылган аянтка Боролдойдогу кулак орустун төрт бөлмөлүү, ашталган карагай тамы сатылып алынып, аны бузуп келишип мектеп кылып тургузушкан. Анын төрт класстык бөлмөсү, чоң коридору бар эле. 1921-1922-окуу жылдары анын чатыры убактылуу камыш менен жабылган. Кийин кайра кызыл тунуке менен жабылган. Ошон үчүн мектеп, “Кызыл Үшкөл” деп аталды. Бул имараттар 1921-1946-жылга чейин мектеп болуп, 1946-1960-ж.ж. мектеп интернатынын жатаканасы, кийин мугалимдердин үйү болгон.  1935-жылдан баштап “Кызыл Үшкөл”  толук эмес орто мектеп болуп, 1940-жылдан орто мектепке айланган.

Кичи-Кемин орто мектеби үлгүлүү кабинеттери жана тажрыйбалуу мугалимдери көп болгондуктан, Кыргыз ССРинин педагогика институтунун шефтик мектеби эле. Ошол убакта Токтогул Сатылгановдун 100жылдыгы өткөрүлүп, Грузияда бир мектепке ысымы берилип, грузиндердин  биринчи алиппесин түзгөн  Я. С.Гогевашвилинин ысымы Кичи-Кемин мектебине сунуш талап, 1964-жылдан баштап “Я.С.Гогевашвили атындагы Кичи-Кемин орто мектеби” болуп калган.

Мектепте балдар жана кыздар интернаты бар болгон. Кемин районуна караштуу айылдардагы малчылардын балдар кыздары, жана мугалимдер күчтүү болгондуктан жакшы окуган балдарын ушул мектеп –интернатына жиберишкен. Кичи-Кемин орто мектебинен мамлекеттик жетекчилер, илимдин академиктери, залкар искусство чеберлери, коомдук ишмерлер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советтеринин депутаттары, партиялык кызматкерлер тарбияланды.

        1978-жылы айылга  үч кабаттуу мектеп салынып, мектепке түрколог, академик, коомдук ишмер Болот Мураталиевич Юнусалиевдин ысымы ыйгарылган.

Мектеп боюнча маалымат:

Мектептин аты: Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин жалпы билим берүү орто мектеби

Уюшулган жылы: 1921-жыл

Курулган жылы: 1977-жыл

Курулган тиби: типтүү, 3 кабаттуу

Чатыры: темир менен жабылган

Жылуулук системасы: электрлүү

Ылайыкташкан: 624 окуучуга

Окуучулар жөнүндө маалымат: 541-окуучу, 1-4-класс- 216 окуучу, 5-9-класс

Класс комплекти: 22

Мугалимдердин саны: 40 мугалим эмгектенет

Кенже кызматкерлердин саны: 15 кызматкер.

 

Мектептин негизги усулдук темасы:

«Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен инсандыкка тарбиялоо»

 

Мектептин максаты:

  • Мугалимдердин педагогикалык ишмердүүлүктөрүн жогорулатууга багыт алуу.
  • Окуучуларга жаңы инновацилык технологиялык ыкмалардын жардамы менен билим берүү менен билим сапатын көтөрүү.
  • сезимтал окуучуларды, олимпиадага даярдыкты башкача багытта күчөтүү, окуучуларды кызыктыруу.
  • Жалпы Республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.
  • Окуучуларды сабырдуулукка, биримдикке жана мекенчилдикке, өздүк санитардык-гигиенаны сактоого үйрөтүү жана тарбиялоо.
  • Ата-энелер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү.
  • Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо.

 

Мектептин миссиясы:

Инcандын өнүгүүсү, анын инсандыгын сактоо менен коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө мобилдүү түрдө жооп берүү жөндөмү, ички дүйнөсүн тереңдетүү, коомдогу оң өзгөрүүлөргө салым кошкон жаран болуу.

 

Мектептин проблемасы:

Ар бир минутаны натыйжалуу пайдаланып, сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу