О нас

Мектептин тарыхы

Биринчи мектеп 1920-жылы ноябрь айларында уюштурулган. Үч-Уруктун  ичиндеги жогорку айылдагы (азыктагы) баштооч “Көк Үшкөлү” (кийин “Эпкиндүү” колхозу болгондо “Эпкин” башталгыч мектеби болуп калган)  1921-1922-окуу жылында эки бөлмөлүү, мугалимдер бөлмөсү  бар, коридору кенен, класстары жарык , терезелери айнектелген, жыгачтан ашталып салынган, үстү чатырланып көк тунуке менен жабылган. Мына ошону үчүн “Көк Үшкөл” деп аталган.

Айылдын төмөн жагында таздар жана жетиген айылдары биргелешип мектеп куруу үчүн пландаштырылган аянтка Боролдойдогу кулак орустун төрт бөлмөлүү, ашталган карагай тамы сатылып алынып, аны бузуп келишип мектеп кылып тургузушкан. Анын төрт класстык бөлмөсү, чоң коридору бар эле. 1921-1922-окуу жылдары анын чатыры убактылуу камыш менен жабылган. Кийин кайра кызыл тунуке менен жабылган. Ошон үчүн мектеп, “Кызыл Үшкөл” деп аталды. Бул имараттар 1921-1946-жылга чейин мектеп болуп, 1946-1960-ж.ж. мектеп интернатынын жатаканасы, кийин мугалимдердин үйү болгон.  1935-жылдан баштап “Кызыл Үшкөл”  толук эмес орто мектеп болуп, 1940-жылдан орто мектепке айланган.

Кичи-Кемин орто мектеби үлгүлүү кабинеттери жана тажрыйбалуу мугалимдери көп болгондуктан, Кыргыз ССРинин педагогика институтунун шефтик мектеби эле. Ошол убакта Токтогул Сатылгановдун 100жылдыгы өткөрүлүп, Грузияда бир мектепке ысымы берилип, грузиндердин  биринчи алиппесин түзгөн  Я. С.Гогевашвилинин ысымы Кичи-Кемин мектебине сунуш талап, 1964-жылдан баштап “Я.С.Гогевашвили атындагы Кичи-Кемин орто мектеби” болуп калган.

Мектепте балдар жана кыздар интернаты бар болгон. Кемин районуна караштуу айылдардагы малчылардын балдар кыздары, жана мугалимдер күчтүү болгондуктан жакшы окуган балдарын ушул мектеп –интернатына жиберишкен. Кичи-Кемин орто мектебинен мамлекеттик жетекчилер, илимдин академиктери, залкар искусство чеберлери, коомдук ишмерлер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советтеринин депутаттары, партиялык кызматкерлер тарбияланды.

1978-жылы айылга  үч кабаттуу мектеп салынып, мектепке түрколог, академик, коомдук ишмер Болот Мураталиевич Юнусалиевдин ысымы ыйгарылган.

Эмблема

О нас

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары.