Окуу керемет
14.03.2022- жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч класстарында USAID дин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында улуттук тренерлердин катышуусунда ачык сабактар болду.
Бул ачык сабактарды өтүүнүн максаты : » Башталгыч класста дифференцияланган окутууну колдонуу».Дифференцияланган окутуу — бул бардык окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдөрүн эске алган окутуу . Башталгыч класстын мугалими Акматалиева Джаныл Дюшекеевна 4- а класста » илимий таанып- билүүчүлүк текстти конспектилоо» стратегиясын колдонуп сабак өтүп берди.Мамытова Толкун Акешаевна 4- б класста мекен таануу сабагынан » адабий ийримдер» стратегиясын колдонуп сабак өтүп берди. Султанбаева Рахат Курманкалыевна 3- а классында адабий окуудан » көп деңгээлдуу тапшырмалар» стратегиясын колдонуп сабак өтүп берди.
Комментарии