Абдрасулова Индира Асанакуновна

башталгыч класстын мугалими

Абдрасулова Индира Асанакуновна Ысык -Көл облусунун Жети Өгүз районуна караштуу Балтабай айылында 3-февралда 1976-жылы туулган.  1983-жылы Абдылда Арстакеев атындагы Кызыл-Дыйкан орто мектебине   1-класста окуп, мектепти 1993-жылы ийгиликтүү аяктады. Ошол эле жылы Караколдогу педагогикалык окуу жайына тапшырган.  Ал окуу жайды 1997-жылы аяктап , Бишкек шаарындагы №69 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептен эмгек жолун баштады. 1998-жылы Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылындагы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштей баштады.

2009-жылы 11-ноябрда педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу даярдоо борборунда «Кыргыз тил жана адабият предмети боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» курсунан өттү.

2012-жылы «билим берүү жалпыга» программмасын тездетип ишке ашыруу демилгелери долбоорунун алкагындагы билим берүү демилгелерин колдоо Фонду тарабынан өткөрүлгөн «6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо класстарында окутууну уюштуруу» семинар -тренингдеринде сертификат алган.

2015-жылы 31-августта Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунда «башталгыч класстардын окуучуларын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу»  боюнча курсунан өтүп сертификатка ээ болгон.

Сыйлыктары:

2.10.2009-жылы Кичи -Кемин айыл өкмөтүнүн грамотасы;  2012-жылы  Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи -Кемин орто мектепбинин Ардак грамотасы; 2015-жылы Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы; 2017-жыл Кемин Райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы.

Эмгек стажысы 24 жыл.