Абдыкеримова Бактыгүл Ишенгуловна

математика мугалими

Абдыкеримова Бактыгүл Ишенгуловна 1960-жылы 25-майда Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Тогуз-Булан айылында туулган. 1967-жылы 1-класска кирип, Тогуз-Булак орто мектебин 1977-жылы бүтүрүп чыкты. 1974-жылдан бери ВЛКСМдын мүчөсү. 1977-жылы Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетине кирип, институтту 1981-жылы бүтүрдү. 1981-жылдан 1987-жылга чейин Кемин районундагы Кичи-Кемин көмөкчү мектеп-интернатында мугалим-тарбиячы болуп иштеди. 1987-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине математика мугалими болуп которулду. 1994-жылдан 2001-жылга чейин мектептин организатору, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеди. Азыркы күндө аталган мектепте математика мугалими болуп иштеп жатат.

сыйлыктары:

  • 1999-жылы 26-мартта «Жыл мугалими» конкурсуна катышып Райондук ардак грамотасы.
  • 1999-жылы Кичи-Кемин орто мектебинин грамотасы.
  • 2009-жылыКичи-Кемин айыл өкмөтүнүн грамотасы.
  • 2012-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы.
  • 2013-жылы Кичи-Кемин орто мектебинин грамотасы.

Билимин жогорулатуу боюнча

  • 1987-жылы Фрунзе шаарынан КАОдон билим алды.
  • 2004-жылы КАОдон билимимди жогорулатты.
  • 2008-жылы Бишкектен Кыргыз Билим берүү академиясынан билимимди жогорулатты.
  • 2009-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан «Сапаттуу билим» долбоору боюнча билимимди жогорулатты.
  • 2014-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси менен сыйланды.