Бектурова Мария Жумагуловна

Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бектурова Мария Жумагуловна 1972-жылдын  24-сентябрында Кемин районундагы Бейшеке айылында туулган. Жети жашка толгондо Бейшеке сегиз жылдык мектебинин босогосун аттап,  9-10- классты Кара-Булак орто мектебинде окуп,ийгиликтүү аяктаган  .

1989- жылы Бейшеке сегиз жылдык мектебинде пионер-вожатый болуп эмгектенип, ошол эле учурда  Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинде кыргыз тили жана адабияты  факультетинде окуду.

  • 1992-жылдан бери Кичи-Кемин орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келүүдө. 2004 -жылдан 2006 -жылга чейин ушул эле мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп, 2007- 2017- жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.

Сыйлыктары:

  • 2006-жылы Кичи-кемин айыл өкмөтүнүн грамотасы
  • 2012- жылы Кичи -Кемин орто мектебинин грамотасы
  • 2012-жылыКичи-Кемин айыл өкмөтүнүн грамотасы
  • 2016 жылы Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын граматасы.
  • 2017-жылы Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын грамотасы
  • 2017-жылы Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы
  • 2018-жылы Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн грамотасы.

Эмгек стажысы: 32-жыл