Дуйшекеева Асель Бактыбековна

математика жана информатика мугалими

Дуйшекеева Асель Бактыбековна 1986-жылдын 11-октябрында Чүй облусундагы Кемин районунун  Дорожный айылында туулган.

1993-жылдан 2004-жылга чейин Кемин районундагы Нур айылынын Нур орто мектебинде билим алып, мектепти ийгиликтүү аяктады. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин  «Математика жана информатика» факультетине тапшырып,  2009-жылы аталган окуу жайды  «Колдонмо математика жана информатика»  адистигин алуу менен ийгиликтүү аяктады.  2011-жылы эмгек жолун Кемин районундагы Кемин №1 орто мектебине математика жана информатика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 2011-жылы Педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу ,даярдоо жана кайра даярдоо борборунда  «Информатика сабагын окутуунун теориясы жана методикасы»  программасы боюнча 72-саат көлөмдөгү кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп келди.  2014-жылы Кичи-Кемин айылындагы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде эмгек жолун уланткан.  2014-жылдын 12-майынан  2014-жылдын 24-майына чейин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин   «Аралыкта окутуу жана квалификацияны жогорулатуу»  институтунда  «Математиканы окутууда теориялык жана практикалык негиздер»  программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсун өттү. 2015-жылдын 25-мартынан 27-мартына чейин «Интерактивдүү досканы пайдалануу-окутуу процессине карата заманбап мамиле» Республикалык окутуу семинарына катышты.

2016-жылы окуучуларга билим-тарбия беруудогу эң жакшы жетишкендиктери үчүн Кичи-Кемин айыл өкмөтү тарабынан Ардак грамотасы, 2018-жылы «Жыл мугалими-2018» аймактык кароо-сынагында 3-орунду ээлегендиги үчүн Кемин райондук билим беруу бөлүмүнүн Ардак грамотасы, 2018-жылы окуучуларга билим-тарбия берүүдөгү эң жакшы жетишкендиктери үчүн Кичи-Кемина айыл өкмөтү тарабынан Ардак грамотасы, 2019-жылы «Жыл мугалими-2019»  аймактык кароо-сынагында  3-орунду ээлегендиги үчүн Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы, 2019-жылы «Жыл мугалими-2019» аймактык кароо-сынагында  3-орунду ээлегендиги үчүн Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин Ардак грамотасы, Кемин районунун Элге Билим Берүү Бөлүмүнүн  профсоюз уюмунун төрайымы тарабынан уюштурулган  баскетбол оюну боюнча мугалимдер арасында 3-орунду ээлегендиги үчүн Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Стажы: 11-жыл