Исакова Назира Сейитбековна 1987-жылы 9-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Тогуз-Булак айлында туулган. Т.Мырзамамбетов атындагы Тогуз-Булак орто мектебине 1-класска 1993-1994 окуу жылында окууга кирип,2004-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктаган.2006-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” бөлүмүнө тапшырып, 2012-жылы окууну аяктаган.Эмгек жолун 2014-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде баштады.
2019-жылы билим берүүдөгү эң жакшы жетишкендиктери үчүн мектептин ардак грамотасы менен сыйланган.