Кадырова Махабат Арстанбековна

башталгыч класстын мугалими

Кадырова Махабат Арстанбековна 1981-жылы 25- майда Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында эмгекчинин үй-бүлөсүндө туулган. 1987-жылы Кичи-Кемин айылындагы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине 1-класска кирди. 1998 –жылы 11-классты ийгиликтүү аяктап,  2001- жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырды. 2007- жылы 30-июнундагы чечими менен “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы “адистиги боюнча : “Башталгыч класстардын мугалими” квалификациясы ыйгарылды. 2006-жылы 25-сентябрь айында Кичи-Кемин айылындагы балдар бакчасына тарбиячы болуп эмгектенип баштады. Өз билимимди өркүндөтүү максатында 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан окуду.  2012- жылы Б.М.Юнусалиев атындагы КичиКемин орто мектебине башталгыч класстардын мугалими болуп кирген. Оз билимин өркүндөтүү максатында  2012-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунда башталгыч класстарда билим берүүнүн теориясы жана методикасы боюнча 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттүк курсунан өттү. 2015-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу максатында 72 саат көлөмдөгү кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсун окуду.

Сыйлыктары:

2016-жылы эмгек жолунда окуучуларга билим тарбия берүүдөгү эң жакшы жетишкендиктери үчүн Кичи-Кемин айыл өкмөтү тарабынан ардак грамотасы; 2017-жылы окуучуларга билим-тарбия берүүдө үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин ардак грамотасы; 2018-жылы “Жылдын мыкты мугалими”конкурсуна катышып эң жакшы жетишкендиктери үчүн Кичи-Кемин айыл өкмөтү тарабынан Ардак грамотасы 2020-жылы билим жана тарбия берүү жагындагы жетишкендиктери үчүн КичиКемин айыл өкмөтүнүн грамотасы.

Эмгек стажысы: 12-жыл