Карыбекова Нурзат Шаменбековна

орус тили жана адабияты мугалими

    Карыбекова Нурзат Шаменбековна, 1978 жылы 30-апрелде Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында туулган.

   1985-жылы мектеп босогосун аттап, “Кара-Коо” орто мектебинин биринчи классына барып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктады.

   1996-жылы И.Арабаев атындагы Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин “Маданият”  бөлүмүнө тапшырып,  2001-жылы ийгиликтүү аяктады.

   2009-жылы И.Арабаев атындагы Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин алдындагы  ИПКиПК институтунун “Филология” факультетине “орус тили жана адабияты”  бөлүмүнө тапшырып, артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктады.

   Педагогика чөйрөсүндө балдар менен 2005-жылдан бери аралашып Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде эмгектенип келе жатат.

   2011-2017 жылдары тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенди.

   2017-2019жылдары үй бүлөлүк шартыма байланыштуу Бишкек шаарындагы №73 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келди.

   2019-жылы кайрадан Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине келип,  азыркы убакка чейин орус тили жана адабияты мугалими болуп  эмгектенип келет.

       Стажысы: 16 жыл