Казакова Шоола Замирбековна

башталгыч класстын мугалими

Казакова Шоола Замирбековна 1987-жылы  19-июнда  Чүй  облусуна караштуу  Кемин районунун  Кичи-Кемин айылында туулган. 1993-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине 1-класска кирип,2004-жылы мектепти аяктады . 2007-жылы Кыргыз Билим Берүү Академиясынын «Башталгыч класстын мугалими» факультетине тапшырып 2013-жылы ийгиликтүү аяктады.  2013-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине кирип ушул күнгө чейин талыкпай эмгектенип жатат.

2016-жылы    “Балдарды мектепке даярдоо наристе 480 саат” программасын окуп  Кыргыз Республикасынын Билим берүү министырлигинин сертифкаткатын алган.

Сыйлыктары:

“Жыл-мугалими-2016” райондук кароо сынагына катышып Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан Ардак грамотасы ; 2016-жылы  А.Дүйшеев атындагы Кичи-Кемин айыл өкмөтү тарабынан Ардак грамотасы; 2017-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин Ардак грамотасы; 2018-жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин грамотасы.