Өмүралиева Бактыгүл Ниязовна 1964 – жылы 11- ноябрда Нарын облусу Ат-Башы районунун , Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген.
1987- жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик кыз- келиндер институтунун химия жана биология факультетин ийгиликтүү аяктап, Кемин районунун академик Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде химия жана биология сабагынын мугалими болуп, ушул мезгилге чейин тынымсыз эмгектенип келе жатат.
Эл агартуу тармагында эмгектенген 30 жылдан ашуун мезгилдин аралыгында өз кесибин сүйгөн адис катары , жаш муундарга таалим-тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги жогору бааланып бир нече жолу райондук, облустук , республикалык денгээлде мактоо баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланган.
2011-жылдан бери “ Эл Агартуунун Отличниги” наамынын ээси.Айылдын жана мектептин коомдук иштерине активдүү катышып келет.
Эмгек стажысы: 34 жыл.