Мамытова Толкун Акешаевна

башталгыч класстын мугалими

Мамытова Толкун Акешаевна 1969-жылы 21-мартта Нарын шаарында  туулган. Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы А.Б.Байбураев атындагы орто мектепке 1976-жылы 1-класска кирип 1984-жылы 8-классты аяктаган. 1984-жылы Нарын педагогиялык окуу жайдын Башталгыч класстын мугалими факультетине кирип, 1988-жылы окууну аяктады. 1992-жылдан баштап Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектепке  башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштады.

2009-жылы Педагогикалык кадырлардын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунда  “Башталгыч мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” программасы боюнча 72 саат кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.

2010-жылдын 26-майынан 2010-жылдын 28-майына чейин Педагогикалык кадырлардын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунда  “Башталгыч мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” программасы боюнча 48саат кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү

2014-жылдын 1-сентябырынан 2015-жылдн августуна чейин Педагогикалык кадырлардын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо болборунда  “Башталгыч мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” программасы боюнча 72 саат кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.

Сыйлыктары:

2011-жыл мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн айыл өкмөттүн грамотасы; 2017-жыл Жаш өспрүмдөрдү тарбиялоодо жана билим берүүдө эң жакшы жетишкендиктери мектептин ардак грамотасы; 2016-жылы мектептеги коомдукиштерге активдүү катышкандыгы үчүн Кемин районунун билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйланган.