Ногойбаева Айжан Асанкановна

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Ногойбаева Айжан Асанкановна 1972-жылы 19-февралда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Маяк айлында туулган. Орто мектепти 1989-жылы «5»  деген баа менен аяктаган. 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине журналистика факультетине тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1994-жылы Б.М.юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебине кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1998-2004-жылга чейин тарбия иштери боюнча директордун орун басары милдетин аткарган. 2013-2014-жылдары, 2015-2016-жылдары, 2016-2017-жылдары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары милдетин аткарган. 2017-жылы мектеп директору кызматына киришип ийгиликтүү эмгектенип келет. 2011-жылы Б.М.юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин 90 жылдыгына «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине татыктуу болгон. Эмгек жолунда окуучуларга талыкпай билим берип, эмгек кылгандыгы үчүн жергиликтүү өкмөттүн, райондун, облустун, министрликтин көптөгөн Ардак грамоталардын ээси.