Нурдинова Жазгүл Нурдиновна 1990- жылы 10- апрелде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жаңы –Талап айылында туулган. 1997- жылы Асанбек Табалдиев атындагы орто мектептин босогосун аттап 2008-жылы 11 жылдык окууну аяктаган .Ушул эле жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттине тапшырып, 2013-жылы байланыш тармактары жана кошуу системдери адистигин алган. 2017 – жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р.Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо инустутуна тапшырып 2019-жылы аяктаган. Эмгек жолун 2019- жылы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи –Кемин жалпы билим берүү орто мектебине физика сабагы боюнча мугалим болуп иштеп баштаган.
Стажы: 3 жыл