Үсөнбек кызы Нуркамал

англис тил мугалими

Үсөнбек кызы Нуркамал Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында 11-декабрда 1984-жылы туулган. 1991-жылы Балыкчы шаарындагы №10 «Манас» орто мектебине 1-класста окуй баштаган .2001-жылы ошол эле мектепти ийгиликтүү аяктап , Балыкчы шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш ,Транспорт жана Архитектура Университетинин Балыкчы Филиалында  «Прикладдык Информатика» факультетинде информатик-экономист жогорку билим ала баштаган .2003-жылы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетине которулуп келип окуусун уланткан.2005-жылы окууну аяктап «Информатик -экономист» кесибине ээ болгон.

2007-жылы Балыкчы шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетинин Балыкчы Филиалындагы англис тилин үйрөтүү 6-айлык курсуна барып окуп сертификатка ээ болгон .

2009-жылы Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылындагы Б.М.Юнусалиев атындагы орто мектебине англис тил мугалими болуп иштей баштаган .

2011-жылы К.Карасаев атындагы БГУ нун окуу – метоикалык семинарында сертификатка ээ болгон .2011-жылы 31-октябрда КАО до квалификациямды жогорулаткан. 2016-жылы Аркус басылмасы тарабынан өткөрүлгөн семинарда сертификат алган.  2019-жылы англис тил жумалыгында «Kahoot» сертификатын, 2019-жылы 2-декабрында КАО до билимди жогорулатуу курсуна барып , окуп сертификат алган

Сыйлыктары:

2012-жылы мектептин ардак грамотасы;

2014-жылы 24-майда Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

2015-жылы Кемин райондук билим бекрүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы;

2019-жылы Кичи-Кемин Айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасын алгам