Салыкова Жылдыз Сокеновна

Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Салыкова Жылдыз Сокеновна 1973-жылы 22-июнда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында  туулган. 1981-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылынын Кыргызстандын 50-жылдыгы атындагы орто мектептин 1-классына кирип, 1988-жылы ушул мектептин 8-классын ийгиликтүү аяктап, Нарын облусунун Нарын шаарындагы Кадырбай Мамбетакунов атындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1988-жылдан 1992-жылга чейин «башталгыч класстардын мугалими, тарбиячы» адистиги боюнча билим алды. Окуу жайын аяктаган соң, Бишкек шаарынын № 54 орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштөө менен педагогикалык эмгек жолун баштады. 1993-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынып, 1997-жылы «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча мугалим квалификациясына ээ болуп ийгиликтүү аяктады. Сырттан окуу менен 1993-жылдан тартып, ушул кезге чейин Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө.

Стажысы: 29 жыл