Султанбаева Рахат Курманкалиевна 1969-жылы Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында туулган. 1976-жылы Б.М.Юунусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин 1-классына кирди.Ушул эле мектепте 1983-жылга чейин билим алды .1983-жылы 8-классты бүтүрүп, 1983-жылы Нарын педагогиялык окуу жайдын «Башталгыч класстын мугалими» факультетине кирип,1988-жылы окууну ийгиликтүү аяктады. 1988-жылдан баштап Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде Башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип жатат.
2004-жылы Педагогикалык кадырлардын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунда “Башталгыч мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” программасы боюнча 72 саат кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.
2012-жылдын 25 июнунан 2012-жылдын 6-июлуна чейин Педагогикалык кадырлардын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунда “Башталгыч мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” программасы боюнча 72 саат кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү
2014-жылдын 1-сентябырынан 2015-жылдын августуна чейин Педагогикалык кадырлардын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо болборунда “Башталгыч мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” программасы боюнча 72 саат кыска мөөнөттүк квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү.
Сыйлыктары:
2013-жыл Жаш өспрүмдөрдү тарбиялоодо жана билим берүүдө эң жакшы жетишкендиктери мектептин ардак грамотасы
2015-жыл Жаш өспрүмдөрдү тарбиялоодо жана билим берүүдө эң жакшы жетишкендиктери үчүн Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы
2018-жыл Жаш өспрүмдөрдү тарбиялоодо жана билим берүүдө эң жакшы жетишкендиктери үчүн Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы