Талканбаева Гульмира Турсалиевна

математика мугалими

Талканбаева Гульмира Турсалиевна 1965-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Чаек айылында 21-апрелде туулган.

1982-жылы Чаек айылындагы М. Асыбаев атындагы орто мектептен 10-классты бүтүрүп, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетине тапшырган.

1991-жылы университеттин толук курсун бүтүргөн.

1991-жылы Кемин районунун Алмалуу орто мектебине жумушка кирген.

1992-жылдан баштап Б.М. Юнусалиев орто мектебине жумушка кирип иштей баштаган.

Бир нече мектептин жана райондук мамлекеттик администациянын ардак грамоталарына ээ болгон.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасын алган.

2015-жылы 26-августта номер 9/4 приказдын негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган.

Стажысы: 30 жыл.